Бишкек 18.06.25 /Кабар/. Amazon компаниясынын башкы директору Энди Жасси жакынкы жылдары жасалма интеллекттин (ЖИ) бизнес-процесстерге активдүү киргизилишинен улам кызматкерлерге болгон муктаждык азаярын эскертти. Бул тууралуу ал кызматкерлерге жөнөткөн ички катында билдиргенин РБК агенттиги жазды.
Компаниянын жетекчиси “Генеративдик жасалма интеллект компанияда жумуш аткаруунун ыкмасын өзгөртөт. Айрым иштерди аткаруу үчүн кызматкерлер азыраак керек болот, айрым багыттарда тескерисинче, көбүрөөк адамдар талап кылынат", - деп билдирген.
Ошондой эле ал кызматкерлерди жасалма интеллектти колдонуу жолдорун үйрөнүүгө чакырган. "Ким бул өзгөрүүлөрдү кабыл алып, ЖИни жакшы өздөштүрсө, компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жардам бере алат жана бизди трансформациялоого катышат", — деген ал.
Amazon азыркы учурда Google жана Microsoft компаниялары менен генеративдик ЖИ жаатында атаандашууда. Financial Times басылмасынын маалыматына ылайык, компания быйыл ЖИ инфраструктурасына 100 млрд долларга жакын каражат жумшоону көздөйт.
Өткөн жылы директор компаниядагы бюрократияны кыскартып, орто звено жетекчилеринин санын азайтууга аракет кыларын билдирген. 2022-жылдан бери Amazon 27 миңден ашуун кызматкерди иштен бошоткон. Bloomberg бул процессти компаниянын тарыхындагы эң ири кыскартуу деп атаган.