Амангелдиев: Региондорду санариптик башкаруу – туруктуу өсүштүн негизи

Министрлер кабинети Загрузка... 19 Февраль 2026 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев аймактык өнүгүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана заманбап башкаруу куралдарын киргизүү маселелерине арналган тегерек столго катышты.

Данияр Амангелдиев иш-чаранын катышуучуларына – эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнө, ошондой эле жергиликтүү эксперттерге кайрылуусунда өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу динамикасын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын ИДПсынын көлөмү 2 триллион сомго жакындап, 2022-жылга салыштырмалуу иш жүзүндө эки эсеге көбөйдү.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары бул көрсөткүчтөр системалуу реформалардын натыйжасы экенин, бирок министрлер кабинетинин негизги приоритети өлкөнүн ар бир аймагында сезилиши керек болгон тең салмактуу өсүштү камсыз кылуу экенин баса белгиледи.

"Заманбап экономика заманбап башкарууну талап кылат. Биз чачыранды кагаз жүзүндөгү процедуралардан бирдиктүү башкаруу циклине өтүп жатабыз: пландоо – бюджеттештирүү – ишке ашыруу – мониторинг. Бул чынжыр санариптик форматта иштеп, борбордук жана жергиликтүү деңгээлде толук интеграцияланышы керек", - деп билдирди Амангелдиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде интеграцияланган бирдиктүү санариптик форматта пландоо, бюджеттештирүү, ишке ашыруу жана мониторингди камтыган заманбап башкаруу циклине өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сөз учурунда "Санарип Аймак" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык тутумуна өзгөчө көңүл бурулду.

Анын айтымында, система аймактарды башкаруу үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүп, ведомстволор аралык ыкчам маалымат алмашууну жана маалымат базаларын борборлоштурууну камсыз кылат. Ал бирдиктүү методологиянын негизинде аймактык стратегияларды ишке ашыруу үчүн негиз болуп саналат.

Ошондой эле ал санариптик демилгелерди колдогон өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Улуу Британиянын өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Экономикалык өсүш үчүн натыйжалуу башкаруу" долбоору реформалардын темпин тездеткен заманбап санариптик чечимдерди жана институционалдык механизмдерди түзүүдө маанилүү курал болуп калганын белгиледи. Технологиялык чечимдер менен катар процедураларды жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик компетенциясын жогорулатуу, ошондой эле бийлик деңгээлдеринин ортосунда жоопкерчиликти так бөлүштүрүү зарылдыгы айтылды.

Соңунда Данияр Амангелдиев маалыматтарга негизделген башкарууга өтүү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандардын жашоосун сапаттуу жакшыртууну камсыз кыларына ишенимин билдирди.