Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Курултай мамлекет башчысынан тартып жогорку бийлик бутактарына чейин эл ичинен чыккан өкүлдөрдүн алдында отчет бере турган жыйын. Бул тууралуу Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Абдрахман Алымбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, курултайда эл өкүлдөрү аткаруу бийлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштерге баа бериши керек.
“Делегаттар менен жолугушуу учурунда “Бүт эле айылдын көйгөйүн көтөрүп жатасыңар деген айыптар тагылып жатат, биз ал жерге барып айылыбыздын көйгөйүнөн башка дагы эмнени сүйлөйбүз? деген суроо беришти. Мисалы жооп катары “Уңгу жол” программасына жергиликтүү көйгөйдү байлап, байланыштырып айтып чыккыла дедим. Салт, нарк, руханий тарбиялоо деген абдан көп ири маселелер бар. Делегат кайсы темада сүйлөсө да маанилүү программалар, стратегиялык документтер менен байланыштырып көйгөйүн көтөрсө жакшы болмок. Анткени, алар айылдардан шайланып барганы менен улуттун жыйынынын делегаты катары бара жатышат. Ошондуктан мамлекеттин, улуттун деңгээлиндеги маселелерди көтөрүүлөрү зарыл”, - деди Алымбаев.
Белгилей кетсек, жакында эле уюштуруу комитети аймактарга барып, курултайдын делегаттары менен жолугушууларды өткөрүп, төрт багытта уюштуруу иштерин жүргүзүп келишкен.

“Негизги курултай – жогорку бийлик бутактарын түзүүчү, өлкө башчысын шайлоочу жана бир жылда бир келип отчет алып туруучу элдик көзөмөлдөөчү орган болушу зарыл. Бирок, биз ага жетише албай жатабыз. Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катары академик Чолпонкул Арабаев экөөбүз республиканын аймактарын кыдырып, курултайдын делегаттарынын ишин уюштуруп келдик. Облустун борборлорунда жана Бишкек менен Ош шаарында делегаттар Улуттук кеңешке делегаттардын саны боюнча бир же эки өкүл шайлашты. Экинчиден сот иштери боюнча бир өкүл, эсептөө комиссиясына бир өкүл шайланды. Андан тышкары, чыгып сүйлөй турган адам да дайындалды. Негизинен төрт параметр боюнча уюштуруу иштери жүрдү”,- дейт ал.

Ошондой ар бир облуска барып делегаттар менен жолугушуу учурунда облус башчылары III Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши боюнча маалымат берилгендигин кошумчалады.
Элдик курултай – бийликтин эл алдында жоопкерчилигин күчөтүүчү, коомдун маанилүү көйгөйлөрүн түздөн-түз жогорку бийликке жеткирүүчү механизм катары акыркы жылдары өз ордун бекемдеп келет. Кыргыз элинде байыртадан калыптанган бул институт элдин үнүн угууга багытталган платформага айланып, социалдык, экономикалык жана саясий тармактардагы маселелер мамлекеттик деңгээлде талкууланып келет.
Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, курултайларда айтылган пикирлер өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныктоодо эске алынып, мамлекеттик саясатка таасир этет.

“Элдик курултай бул элдин үнүн чагылдырган жана коомдук маанидеги эң маанилүү маселелер боюнча консенсусту түзүүгө жардам берген жогорку форум. Ал улуттук биримдикти жана жарандык жоопкерчиликти бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Курултай коом менен бийликтин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү жана бекемдөө боюнча туруктуу механизмдин милдетин аткарууга тийиш”, - деди Мамытов.
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайды коомчулук менен түз диалог жүргүзүүнүн негизги аянтчасы катары да колдонуп келет. Бул мамлекет менен коомдун ортосундагы жаңы коммуникацияны түзүп, ачык-айкындуулукту камсыз кылууда. Президент маалымдоо каражаттарынын алдында эмес, элдин алдына чыгып бардык көйгөйлөрдү элдин өзүнөн угууда.

Курултайдын пайдасы аткаруу бийлиги аймактардагы элдин үнүн жакындан угуп, бийликке элдин көйгөйлөрүнүн түз жетүү мүмкүнчүлүгү жаралууда. Президент үчүн курултай жарандар менен түз байланышты чыңдоонун жана өлкөнүн өнүгүүсүндө элдик демилгелерге таянуунун маанилүү инструменти. Мындан ары да бул механизм мамлекеттик саясаттын ачык-айкын, жоопкерчиликтүү жана элге жакын болушуна өбөлгө түзөрү күмөнсүз.

Эскерте кетсек, уюштуруу комитети маалымдагандай, IV Элдик курултайга шайланган делегаттардын ичинен эле Улуттук кеңешке өкүлдөр шайланды. 25-декабрда Улуттук кеңештин 17 мүчөсү өздөрүнүн ичинен төрага шайлашат. Буга чейин курултайга 231 айыл аймактан жана 33 шаардан жалпы 700 делегат шайланган. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, быйыл IV Элдик курултай 25-декабрда Бишкек шаарында өтөт.