Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкекте V Элдик курултайга өкүлдөрдү шайлоо боюнча жергиликтүү тургундардын жыйындары уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 14-октябрда Биринчи май районунда жергиликтүү жамааттын 62 тургунунун катышуусунда жыйын өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 6 өкүл шайланды.
Ленин районунда да жыйындар өткөрүлдү. Жыйынтыгында ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктан V Элдик курултайга 14төн өкүл шайланды.
Свердлов районунда өткөн жыйынга 76 жаран катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында V Элдик курултайга катышуу үчүн 15 делегат шайланды.
Октябрь районунда жергиликтүү жамааттын 80 тургуну чогулду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 22 өкүл шайланды.
Жыйындар президенттин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 “Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.