Аляскада Мэнденхолл мөңгүсүнө жакын жашагандарга эвакуация сунушталды

Дүйнө 13 август 2025 17:00
Аляскада Мэнденхолл мөңгүсүнө жакын жашагандарга эвакуация сунушталды
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.25 /Кабар/. АКШнын Аляска штатындагы Жуно шаарынын бийлиги Мэнденхолл мөңгүсүнө жакын жашаган тургундарды эвакуация болууга чакырды. Бул тууралуу Известия агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кырдаалга ушул жумада күтүлүп жаткан мөңгү сууларынын ташкыны себеп болууда. Шаардык өзгөчө кырдаалдар кызматы бул чаралар тургундардын коопсуздугу үчүн көрүлүп жатканын билдирди.

Өткөн жылы болгон ташкында болжол менен 290 үй жабыркаган. Бийлик кайрадан мындай кырсыкты болтурбоо үчүн убактылуу тосмолорду курду.

Мындан сырткары, АКШ президенти Дональд Трамп 15-августта Россия президенти Владимир Путин менен Аляскада жолугарын жарыялаган.