Алтындын дүйнөлүк баасы жогорулады

Дүйнө Загрузка... 13 Март 2025 09:44
WhatsApp Image 2025-03-13 at 06.30.53 (1).jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Алтындын дүйнөлүк баасы дагы өсүп, бир унциясы 2950 доллардан ашты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Comex биржасынын соода аянтчасынын маалыматына караганда, алтындын баасы тарыхый максимумун жаңырып, унциясы 2950 доллардан жогору көтөрүлдү.

Бүгүн эртең менен алтындын баасы бир унция үчүн 2953,3 долларга чейин (+0,22%) өсүшүн тездетти.