Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайда көмүртек суутектерин казып алуунун жалпы көлөмү 420 млн тонна мунай эквивалентине жетип, тарыхый рекордду жаңылады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Кытайдын Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын отчёттук маалыматына караганда, бул өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы бир топ жогорулаганын айгинелейт.
2025-жылы чийки мунай өндүрүү рекорддук көрсөткүч — 216 млн тоннага жетсе, сланец мунайын өндүрүү 8,5 млн тоннадан ашкан. Бул 2018-жылга салыштырмалуу он эседен ашык өсүүнү билдирет. Жаратылыш газын жылдык өндүрүү көлөмү 10 млрд куб метрге көбөйүп, тогузунчу жыл катары менен оң динамиканы сактап калды.
Алдыдагы жылдары Кытай мунай-газ тармагында кендерди чалгындоо жана иштетүү боюнча жаңы стратегиялык программаларды ишке ашырууга киришүүнү көздөөдө. Пекин чийки мунайдын жылдык өндүрүшүн 200 млн тоннадан жогору деңгээлде кармап турууну жана газ казып алуунун өсүшүн улантууну пландап жатат.
Эске салсак, буга чейин Кытай суюктукка айландырылган жаратылыш газын ташыган эң ири кемени ишке киргизгени кабарланган.