АКШда кызамык оорусу 35 жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Дүйнө Загрузка... 22 Июль 2026 18:00
News_1789069506162690880807356693396180156.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. АКШда кызамык оорусу боюнча катталган учурлардын саны акыркы 35 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу БЕЛТА жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2 миң 295 адам кызамык менен ооруганы тастыкталды. Бул көрсөткүч 2025-жылдагы 2 миң 260 учурдан да ашты.

Адистердин айтымында, оорунун жайылышынын негизги себептеринин бири - калктын эмдөөдөн өтүү деңгээлинин төмөндөшү. Учурда оорунун эң көп учурлары Түштүк Каролина, Юта, Техас, Флорида жана Аризона штаттарында катталууда.

АКШда акыркы жолу кызамык боюнча мындан жогорку көрсөткүч 1991-жылы катталган. Анда 9 миң 643 учур аныкталган болсо, 1990-жылы бул сан 27 миң 808ге жеткен.

Саламаттык сактоо адистери кырдаалга тынчсызданууда. 2025-жылы АКШда кызамыктан үч адам каза болгон, ал эми быйыл өлүм учурлары катталган эмес.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдарды эмдөө деңгээли жетишсиз болгон учурда кызамыктын жаңы очоктору пайда болушу мүмкүн экенин эскерткен.