Алтындын баасы тарыхый чектен кайтып, 2,2%га арзандады

Дүйнө Загрузка... 12 Август 2025 12:21
WhatsApp Image 2025-08-12 at 11.11.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.08.25 /Кабар/. Күн мурун COMEX биржасында декабрь айындагы алтын фьючерстеринин баасы 2,2% төмөндөп, трой унциясы 3414,6 доллар болду. Өткөн жумада баа тарыхый максимумга – унциясы 3534,1га жеткен эле. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Швейцариядан келген алтынга бажы төлөмдөрү киргизилет деген кабарлар жана дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын (орус-украин жаңжалы) жумшарары тууралуу үмүттөр баанын төмөндөшүнө себеп болду.

Кийин маалымат каражаттары президент Дональд Трамптын администрациясы бул маселени тактап, куймаларды бажы төлөмдөрүнөн чыгарууну пландап жатканын жазышты.