Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Рысбеков Алтынбек Дурусбекович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин министрликке караштуу "Кыргызстан электр тармактар" ААКтын башкы директору болчу.
Ал эми министрдин мурдагы орун басары Н.Садыков өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.