Алтын өрүк – 2025: Баткенде жылдын мыктылары сыйланды

Аймак Загрузка... 30 Декабрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Баткен облусунда жыл мыктылары аныкталып, “Алтын өрүк” сыйлыгы ыйгарылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков катышып, өз ишинде өзгөчөлөнгөн жыл мыктыларына сыйлык тапшырды.

Мыктылар атайын комиссиянын жана УТРК Баткен телеканалынын социалдык тармактагы баракчаларында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.

Ага ылайык,

  • Мыкты аким номинациясын Баткен районунун акими Данир Иманалиев;
  • Мыкты айыл өкмөт башчысы номинациясын Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Абдухамитов;
  • Мыкты мекеме номинациясын Кызыл-Кыя шаардык социалдык фонд башкармалыгы татыктуу болушту.

Мындан сырткары төмөнкү номинациялар боюнча татыктуулар тандалды.

  • Мыкты прокуратура кызматкери;
  • Мыкты милиция кызматкери;
  • Мыкты чек арачы;
  • Мыкты куткаруучу;
  • Мыкты аскер;
  • Мыкты чарбакер;
  • Мыкты медицина кызматкери;
  • Мыкты маданият кызматкери;
  • Мыкты мугалим;
  • Мыкты спортчу;
  • Мыкты ишкер;
  • Мыкты студент;
  • Мыкты окуучу.