Алтын-Ордо конушунда көчөлөр оңдолууда

6 октябрь 2025 15:05
1759740459.jpeg
1759740463.jpeg
1759740466.jpeg
1759740470.jpeg
1759740479.jpeg
1759740483.jpeg
Алдыга
Артка
1759740459.jpeg
1759740463.jpeg
1759740466.jpeg
1759740470.jpeg
1759740479.jpeg
1759740483.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын  конуштарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оңдоо иштери Алтын-Ордо конушунун Безымянная көчөсүндө Кадыр-Ата көчөсүнөн Кадырбай-Ата көчөсүнө чейин  жүрүп жатат.

Ишкананын адистери тарабынан бордюрлар жана ирригациялык системалар орнотулуп, тротуарлардын негизи даярдалууда. Жакын арада жолдун өзүнүн негизин даярдоо башталат.