"Алтын кен" комбинатынын кызматкерлери калдыктар менен иштөөнү үйрөнүштү

Экология Загрузка... 19 Ноябрь 2025 17:17
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Күн мурун "Алтын кен" алтын комбинатынын аймагында калдыктар менен иштөө жана экологиялык коопсуздук боюнча атайын билим берүүчү семинар өттү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, семинардын жүрүшүндө "Алтын өндүрүш ишканаларындагы калдыктар менен иштөө" аттуу окуу презентациясы көрсөтүлдү.

Анда катышуучулар таштарды жардыруу, байытуу калдыктарын топтоо, ташуу, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу, өндүрүш калдыктарын утилизациялоо жана бузуу ыкмалары, калдыктар менен иштөөдө жоопкерчилик жана мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча практикалык сунуштар менен таанышышты.

Жыйынтыгында комбинаттын кызматкерлерине үйрөтүүчү материалдар тапшырылып, ишкананын калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен план макулдашылды. Ошондой эле инвентаризация жана паспортизация иштерин жүргүзүү боюнча график түзүлүп, өндүрүш аймактарында пайда болгон калдыктар боюнча приоритеттүү чаралар аныкталды.

"Алтын кендин" жетекчилиги мындай окутуулар комбинаттын экологиялык коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.