"Алтын Бешик" балдар лагериндеги кырдаал көзөмөлдө, өмүргө коркунуч жок

Аймак 24 Июль 2026 15:15
754463055_2083993729196678_3308631257782793949_n.jpg
752107061_2083993789196672_5847690327766497745_n.jpg
753812471_2083993742530010_8553736140597835555_n.jpg
756347857_2083993669196684_7605843340028008030_n.jpg
753188268_2083993712530013_6812595928142045774_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. "Алтын Бешик" балдар лагериндеги кырдаал көзөмөлдө, өмүргө коркунуч жок.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, кечээ жааган нөшөрлүү жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Алтын Бешик” балдар эс алуу лагеринин окуучулары мугалимдери менен кошо кырдаалга байланыштуу түнкү саат 03:00дө ыкчам түрдө коопсуз жайга эвакуацияланды.

Учурда алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.

Окуя болгон жерде Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов болуп, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү, ошондой эле жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.