Альпинист Эдуард Кубатов К2 чокусун багындыруу үчүн базалык лагерге барды

Загрузка... 07 Июль 2025 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Альпинист Эдуард Кубатов К2 чокусун багындыруу үчүн базалык лагерге барды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, К2 чокусу 8614 метр бийиктикте жайгашкан.

“Мен базалык лагердемин. Күчтүү жана жапайы К2 чокусу. Баары жакшы болот. Мен ишенем. Бул жакта дээрлик байланыш жок”, - деди ал.

К2 чокусу Пакистан менен Кытайдын чектешкен жериндеги Каракорум тоо кыркасында жайгашкан. Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, бул чокуга кеминде 200 адам чыккан. К2 дүйнөдөгү татаал жана кооптуу чокулардын ичинен Аннапурнадан кийин экинчи орунда турат.

Белгилей кетсек, 7-апрелде Эдуард Кубатов Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиреткен.

Эске салсак, кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов былтыр Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда ал Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң кары адам болуп калды. Альпинист бул чокуга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш курагында чыккан.

Кубатов кычкылтекти колдонбостон чокуларды багындырган тажрыйбалуу альпинисттердин бири. Кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун үч жыл мурда багындырган. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыккан болчу.