Альп тоолорунда 34 жылдан кийин эки альпинисттин сөөгү табылды

Дүйнө 205 20 Август 2026 09:00
greatness-of-the-alps-1-68669-440x275-MM-80.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Швейцариянын Альп тоолорунда 1992-жылы дайынсыз жоголгон бельгиялык эки альпинисттин сөөгү 34 жылдан кийин табылды. Бул тууралуу Euronews маалымдады.

Маалыматка караганда, алардын сөөгүн 26-июлда турист Трифт мөңгүсүнөн, Италиянын чек арасына жакын жерден тапкан. Сөөктөр Вале кантонунун Сьон шаарындагы соттук-медициналык институтка жеткирилип, ДНК анализинин негизинде 1992-жылы Вайссмис тоосунун аймагында дайынсыз жоголгон эки альпинистке таандык экени аныкталган.

1992-жылдын 4-сентябрында алар 4017 метр бийиктиктеги чокуга чыгуу үчүн Вайссмис баш калкалоочу жайынан жолго чыгышкан. Альмагель баш калкалоочу жайына жеткенден кийин аба ырайы кескин начарлап, сапарын уланта алышкан эмес.

Издөө иштери бир нече айга созулуп, куткаруучулар альпинисттердин рюкзагын гана табышкан.

Акыркы жылдары Швейцариянын Альп тоолорунда мөңгүлөрдүн эришинен улам ондогон жылдар мурун дайынсыз жоголгон адамдардын сөөгү табыла баштады. 2025-жылы Вале кантонундагы Обер-Габельхорн тоосунун мөңгүсүнөн 1994-жылы дайынсыз жоголгон швейцариялык альпинисттин сөөгү табылган.