Алмаз Турдумалиев Эсептөө палатасынын аудитору болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 10 Апрель 2025 17:44
hd-1744280580447.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/.  Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору кызматына шайлоо үчүн Алмаз Турдумалиевдин талапкерлиги каралды. 

Парламенттен билдиришкендей, Алмаз Турдумалиевди аталган кызматка «Ынтымак» фракциясы сунуштаганын, фракция лидери Марлен Маматалиев билдирип, талапкер тууралуу маалымат менен тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Алмаз Турдумалиев Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланып, Жогорку Кеңеште ант берди.