Бишкек, 13.03.26 /Кабар/. Коомчулуктун ак илбирске болгон мамилеси жакшырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине берген маегинде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.
Орун басар белгилегендей, ак илбирстин азайып кетишине бир катар факторлор себеп болгон. Ошону менен бирге, акыркы жылдары коомчулуктун бул жаныбарга болгон мамилеси оң тарапка өзгөргөн.
"Кайсы бир жаныбардын жоголушун бир фактор менен эмес, комплекстүү караган туура. Ак илбирс табияты боюнча жырткыч, көбөйүүгө жөндөмдүү жандык. Бирок ага бир нече коркунуч фактору бар. Биринчиси — адамдын таасири. Илгертен анын терисинен ичик, тебетей тигип кийишкен, белекке беришкен. 1990-жылдары ак илбирсти сатуу менен чоң пайда көрүүгө умтулгандар да болгон. Кээ бирлери аны кармайбыз деп жатып өлтүрүп алышкан, айрымдары үй жаныбарларын коргоо максатында атышкан.
Ошондой эле анын негизги азыгы болгон кулжа-текелердин азайышы да санынын кыскарышына таасир берген. Учурда бул жаныбарга карата зулумдук кылган учурлар анда-санда катталып турат, бирок өтө аз. Айып пул дагы өтө чоң — 2,5 миллион сомдун тегерегинде. Массалык браконьерлик жана башка терс таасирлер азайды.
Бул жакшы жагдайга эң негизги себеп — элдин аң-сезиминин өзгөргөнү жана дүйнөлүк деңгээлде ак илбирске көңүл бурулуп жаткандыгы. Акыркы убактарда жарандардын мамилеси оңолуп, жаныбарды коргоо аракеттери күчөдү", — деди А. Мусаев.