Алмаз Медеров Кыргызстандын Лос-Анжелестеги Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды

Коом 31 январь 2025 11:20
Алмаз Медеров Кыргызстандын Лос-Анжелестеги  Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды
copyright icon Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. / Кабар/. Алмаз Медеров АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ыйгарым укуктарын тастыктаган күбөлүккө Президиумдун 2025-жылдын 28-январындагы токтомунун негизинде палатанын президенти Темир Сариев кол койгон.

“Алмаз Медеровдун негизги милдети Кыргызстан менен Калифорния штатынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын бул рыногунда кыргызстандык ишкерлерди колдоо болмокчу”,-деп айтылат маалыматта.