Алмаз Кулматов: ШКУ өлкөлөрү медиа тармагында тажрыйба алмашууну күчөтүшү керек

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 14:45
WhatsApp Image 2026-07-27 at 14.44.26.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Кыргызстан быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан учурда бул форумдун өлкөдө өтүшү маанилүү окуя. Мындай пикирин “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов билдирди.

Анын айтымында, форумга катышуу ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа өкүлдөрү үчүн өз ара тажрыйба алмашууга, жаңы байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

“Биз бири-бирибизден үйрөнүп, тажрыйба алмашышыбыз керек. Башка мамлекеттер бул кызматташтыкты, уюмдун дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен өз ара байланышын кандай чагылдыра тургандыгын байкашыбыз керек. Уюмга мүчө мамлекеттердин тарыхы, маданияты, цивилизациясы, өнүгүү деңгээли жана географиялык өзгөчөлүктөрү ар түрдүү. Мындай айырмачылыктар өз ара тажрыйба алмашуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”,-деди ал.

Башкы редактор ошондой эле санариптештирүү жана жасалма интеллектти медиа тармагында колдонуу маселесине токтолду.

“ШКУнун негизги принциптерине таянып, медиа уюмдар ортосундагы кызматташууну дагы да бекемдешибиз керек. Бул форумга көптөгөн өлкөлөрдүн маалымат каражаттары чогулгандыктан, биздин жетишкендиктерди жана кызматташтыктын жакшы үлгүлөрүн дүйнөгө көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат”, - деп белгиледи Алмаз Кулматов.