“Алматы - Ысык-Көл” альтернативдик автожолунун долбоорунун техникалык шарттары талкууланды

Коом Загрузка... 31 Март 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-03-31 at 07.29.30.jpeg
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Алматы - Бишкек Экономикалык коридорунун транспорт жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен кыргыз-казак жумушчу тобунун алтынчы отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушуу Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Алматы шаарында уюштурулду.

Жумушчу топтун отурумуна транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев жана Казакстандын Транспорт министрлигинин автомобиль жолдору боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жамбыл Бахтияров катышты.

Анда тараптар “Алматы - Ысык-Көл” альтернативдик автожолунун долбоорунун техникалык шарттарынын жана техникалык-экономикалык негиздемесинин параметрлеринин курамын талкуулап, чечимдерди кабыл алышты.

Ошондой эле алар “Алматы-Бишкек” электроавтобустарын тейлөө долбоорун илгерилетүү боюнча мындан аркы кадамдарды аныктап, чечимдерди жыйындын протоколуна кол коюу менен бекитишти.

Тараптар долбоордун жүрүшүн тездетүү үчүн зарыл чараларды көрүүнү макулдашышты.