Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
Ал сыйлыкты алгандан кийинки сезимдери менен бөлүшүп, бул сыйлык өзү чоң баалуулук экенин белгиледи.
“Бүгүн президенттин колунан III даражадагы “Манас” орденин алдым. Бул мен үчүн баалуу сыйлык. Анткени бул чоң даража жана чоң жоопкерчилик.
Мен ойлойм, бул сыйлык адамдын, өзгөчө мамлекетте иштеген мамлекеттик кызматкердин жоопкерчилигин күчөтүп, аны мындан дагы аракеттенүүгө шыктандырат. Ошондой эле өсүп келе жаткан жаш муундарга кандайдыр бир үлгү болсо керек. Анткени биз дагы сыйлык алган адамдарга суктанып, алардай таза жана жакшы иштегенге аракет кылчубуз.
Бул сыйлыктан кийин мамлекеттен жана мамлекеттик кызматтан алган тажрыйбабызды, билимибизди жана топтогон дараметибизди мындан ары да элге, мамлекетке, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө жумшоого болгон күч-аракетибизди арнайбыз”, — деди Шыкмаматов.