Алдыдагы күндөрү Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөт?

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 17:30
аба ырайы Кр.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 6–12-август күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлүп, айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Чүй жана Талас облустары

6-августта Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми күндүз эки облустун тоолуу райондорунда жана айрым күндөрү көпчүлүк аймактарда кыска мөөнөттүү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын негизинен күтүлбөйт. 8-августта көпчүлүк аймактарда, 10–11-августта айрым жерлерде өткүн өтүшү ыктымал. 12-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

6-августта Ош облусунун айрым жерлеринде, ал эми 11-августта анын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз үч облустун тең тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым күндөрү көпчүлүк аймактарда кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал. Ошол эле учурда өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын негизинен күтүлбөйт. 10–11-августта айрым жерлерде өткүн өтсө, 12-августта тоолуу райондордо күн күркүрөп, өткүн жаан жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

6–12-август күндөрү Ысык-Көл жана Нарын облустарында туруксуз аба ырайы сакталат. Айрым күндөрү, өзгөчө 6-августта жана 8–11-август аралыгында көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 8-августта айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт, бирок айрым күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүшү ыктымал. 12-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.