Албина Имашова Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды — Кабар

Албина Имашова Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 19 август 2025 09:00
536273682_1066211562337266_3060845097365796409_n.jpg
534416116_1066211459003943_5235599422016430118_n.jpg
534892265_1066211492337273_8442061735662589722_n.jpg
536211019_1066211629003926_8729286291469568987_n.jpg
536269941_1066211525670603_2866442585701414832_n.jpg
536281354_1066211635670592_4545792808165594172_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 18.08.25. /Кабар/. Имашова Албина Турдугуловна Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Албина Имашеваны театрдын жамаатына маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.

Албина Имашева 1983-жылы 6-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.

2000-жылы Бөкөнбаев айылындагы Карл Маркс атындагы орто мектепти бүтүргөн.
2005-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.

2002-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.

2008-жылы Эл аралык Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалында "Тенгри" фильминде "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" сыйлыкка татыган.

2009-жылы "Кыргыз киносунун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.

2011-жылы Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты.

2017-жылы Маданият министринин "Ардак граматасын" алган.

2018-жылы "Ардак грамотасынын" ээси.

2024-жылы КР эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.