Албаниядагы рейтингдик турнир: Кыргызстандын капчыгында дагы 2 коло бар

Спорт 02 Март 2026 09:00
645523617_935986978774520_233518992627069455_n.jpg
645542311_935990762107475_5610604619951973157_n.jpg
Алдыга
Артка
645523617_935986978774520_233518992627069455_n.jpg
645542311_935990762107475_5610604619951973157_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык эки балбан Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO рейтингдик турниринде эки коло жеңип алышты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, алар 72 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Раззак Бейшекеев жана 97 кг чейинки салмак категориясында катышкан Үзүр Жусупбеков.

Белгилей кетсек, турнирдин акыркы күнү 1-мартта Кыргызстандан 8 балбан беттешке чыккан.