Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Бүгүн Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO–2026 эл аралык рейтингдик турниринин алкагында Кыргызстандын намысын төрт балбан коргойт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыз-келиндер күрөшү боюнча:
- Нурзат Нуртаева (72 кг);
- Айпери Медет кызы (76 кг) коргойт.
Грек-рим күрөшү:
- Афтандил Таалайбек уулу (63 кг);
- Баяман Каримов (67 кг) күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.