Аламүдүн районундагы айылга Иманалы Айдарбековдун ысымы ыйгарылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 24 Июнь 2025 12:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагындагы айылга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун ысымын ыйгаруу аземине жана ага арналган тактанын ачылышына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, ал аземде залкар инсан Иманалы Айдарбековдун өзү туулган айылына ысымынын ыйгарылып жатышы жакшы саамалык экенин айтты.

"Азыркы көз карандысыз мамлекетибиздин түптөлүп, калыптанышында Иманалы Айдарбековдун салымы чоң. Анткени, ал эгемен мамлекетибиздин эң алгачкы пайдубалы саналган Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө жигердүү катышып, анын туңгуч жетекчиси болгон. Андыктан журт атасы саналган Иманалы Айдарбековдой адамдардын ысымы түбөлүккө сакталып, келечек муунга үлгү катары көрсөтүлүшү керек", - деди ал.

Ошондой эле өткөндөр даңкталбаса, тирүүлөр баркталбай тургандыгын баса белгилеген төрага:

“Былтыр эле депутат Жанарбек Акаев менен бирге өткөн кылымдагы саясий репрессиянын курмандыктарын актап, алардын ысымын даңазалоо максатында атайын мыйзам долбоорун демилгелеп, кабыл алдык. Себеби Совет доорунун алгачкы жылдарында, айрыкча Сталиндик режимдин алкагында эл-жеринин эртеңи үчүн күрөшкөн Иманалы Айдарбековдой кыргыздын көптөгөн мыкты уул-кыздары саясий негизде камалып, бейкүнөө атылып, өлтүрүлгөн. Андыктан тарыхты кайра тактап, жалган-жалаа менен “басмачы”, “эл душманы” атыккан аталарды актоо бүгүнкү муундун милдети”, - деп кошумчалады ал. 

Эскерте кетсек, салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагулов баштаган мамлекеттик-коомдук ишмерлер, Иманалы Айдарбековдун урпактары жана айыл тургундары катышты.