Аламүдүн районунда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 63,8%га өстү

Аймак
Аламүдүн районунда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 63,8%га өстү
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Аламүдүн районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

2026-жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 млрд 250 млн сомду түздү. 

Бул мезгилде негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 63,8%га көбөйүп, 3 млрд 298,8 млн сомго жетти. 

Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында төмөнкүлөр белгиленди:

  • инвестициянын көлөмү 20 млн АКШ долларын түзүп, 2 миң жумуш орду түзүлгөн “Силк Вэй” соода борбору,;
  • инвестициянын көлөмү 4,2 млрд АКШ долларын түзгөн “Манас” шаарчасы;
  • инвестициянын көлөмү 18 млн АКШ долларын түзүп, 500 жумуш орду түзүлгөн “Чанхун” металлургиялык заводу;
  • инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзүп, 250 жумуш орду түзүлгөн “Глобал Хаб” логистикалык борбору.