Алай районунун тургуну 75 миң сом пара берип жаткан учурда кармалды

Укук тартиби 1794 17 Февраль 2025 13:17
WhatsApp Image 2025-02-17 at 11.37.23 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 11.37.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 11.37.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 11.37.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-17 at 11.37.24.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Алай районунун тургуну пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды.

Жогорудагы жаран аталган акча каражатын КР мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген.

Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.