“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна кызматкерлерди тандоо жыйынтыктады

Аймак 26 Март 2026 10:40
656927139_122167167020633318_7006771291751211902_n.jpg
657604581_122167167080633318_5876526023059609784_n.jpg
657840877_122167167068633318_3188471839428374085_n.jpg
658730243_122167166996633318_5533624762591711195_n.jpg
Алдыга
Артка
656927139_122167167020633318_7006771291751211902_n.jpg
657604581_122167167080633318_5876526023059609784_n.jpg
657840877_122167167068633318_3188471839428374085_n.jpg
658730243_122167166996633318_5533624762591711195_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ала-Тоо Резорт ААК

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Жыргалаңдагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна иштөө үчүн кызматкерлерди тандоо боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коомунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бош жумуш орундары боюнча сынак 20-февралда жарыяланган. Документтер 15-мартка чейин кабыл алынды. Мында 200дөн ашык арыз келип түшкөн.

Документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгында талаптарга 60 талапкер ылайык келип, алардын ичинен маектешүүнүн жыйынтыгында 20 адам тандалып алынды.

Тандоонун акыркы этабы 24–25-март күндөрү Каракол шаарында өткөрүлдү. Ага 45 талапкер катышты.

Талапкерлерди баалоо ишин 9 адамдан турган комиссия жүргүздү. 3–4 күндүн ичинде кабыл алуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 20 талапкер асма аркан жолдорун куруп жаткан Doppelmayr компаниясы тарабынан окуудан өткөрүлөт.