Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунда лыжа трассалары курулууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, лыжа трассалары курулуп жаткан тилкелерде жер иштери, өсүмдүк өскөн топурактын катмарын алуу, чуңкурларды жана үймөлөрдү түзүү иштери, ошондой эле аткарылып жаткан иштердин долбоордук чечимдерге шайкештиги жеринде текшерилди.
Табигый рельефти сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Адистер табигый ландшафтка болгон таасирди азайтуу, ошондой эле негизсиз топурак казууну жана өсүмдүк катмарын алууну болтурбоо максатында айрым долбоордук чечимдерди тактоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерине көзөмөлдү күчөтүү, подряддык уюмдардын долбоордук чечимдерди так сактоосу жана зарыл болгон учурда документтерге өз убагында өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чаралар белгиленди.