Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо-туристтик кластеринин курулушу активдүү уланууда. Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аталган үч курорттук аймакты камтыган долбоордун биринчи фазасы үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында ачылат. Аймактын жалпы аянты дээрлик 4 миң гектарды түзөт. Долбоор толук ишке кирген соң үч курорттун тоо лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымды түзөт. Биринчи фазанын ачылышына карата 6 асма жол жана 47 чакырым тоо лыжа трассасы даяр болот. Буга чейин жалпы узундугу 4 чакырымдан ашкан В-1 жана В-2 аттуу эки негизги асма жолдун курулушу аяктаган.

Үч курортту бириктирген ири долбоор
“Ала-Тоо Резорт” долбоору Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аттуу үч курорттук аймакты камтыйт. Долбоор ишке толук ашырылганда аймактын жалпы аянты дээрлик 4 миң гектарды түзүп, үч курорттогу тоо лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 250 чакырымга жетет. Долбоордун биринчи этабында Жыргалаң курортун өнүктүрүүгө басым жасалууда. Учурда В-1 жана В-2 аттуу эки негизги асма аркан жолунун курулушу аяктап, дагы төрт асма жолдун курулушу жүрүп жатат. Биринчи фазаны 2026-жылдын 1-декабрында ачуу пландалып, ага карата алты асма жол жана 47 чакырым тоо лыжа трассасы даярдалат. Келечекте Жыргалаңдагы трассалардын жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзөт.
“Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаевдин айтымында, долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана көзөмөлү менен ишке ашырылып, анын курулушу 2025-жылдын август айында башталган.
"Белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана көзөмөлү менен бардык мезгилдерде иштей турган, мамлекеттик маанидеги ири долбоор ишке ашып жатат. 2025-жылдын август айында бул долбоорго капсула салынып, курулуш иштери башталган. Быйыл президентибиз өзү "Ала-Тоо Резорт" долбоорунун техникалык ачылышын жасады", - деди ал.
Курорт менен катар жол жана инженердик инфраструктура курулууда
Долбоордун масштабы тоо лыжа трассалары жана асма жолдор менен гана чектелбейт. Курорттун туруктуу иштеши үчүн электр энергиясы, суу, саркынды сууларды тазалоо, ички жолдор, тейлөө объектилери жана унаа токтотуучу жай сыяктуу инфраструктуралар да курулууда.

Чолпонбаев белгилегендей, бул иштерге бир катар мамлекеттик мекемелер тартылган.
"Министрликтер жана мекемелер тарабынан да инфраструктуралар курулуп жатат. Транспорт министрлиги Каракол шаарынан "Ала-Тоо Резорт" долбооруна чейин 60 чакырымга жакын жолду куруп жатат. Энергетика министрлиги электр чубалгыларын тартып, электр энергиясы менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги саркынды сууларды тазалоочу жана таза суу менен камсыз кылуучу объекттерди курууда", - деди Чолпонбаев.
Маалыматка ылайык, аймактын жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында Каракол–Жыргалаң жолунун 65 чакырымдык тилкесинде, Боз-Учук–Жыргалаң багытындагы 14,5 чакырым жолдо жана курортко түз алып баруучу 8,5 чакырымдык айланма жолдо иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, курорттун аймагында 1 миң 400 автоунаага ылайыкталган ири унаа токтотуучу жай курулууда.
Туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет
Долбоордун дагы бир маанилүү багыты — туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Чолпонбаев белгилегендей, бекитилген башкы планга ылайык, бүгүнкү күндө киши көп болгон учурда кабыл алуу мүмкүнчүлүгү 10 миң адамды түзөт. Андан тышкары, тейлөө тармагында 2,5 миңге жакын адамдын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
"Долбоор үч этапка бөлүнгөн. Биринчи этапта Жыргалаң курорту толугу менен ишке ашса, биз 2 миллионго жакын туристти кабыл алууга даяр болобуз. Быйылкы жылдын эсебинен биз 500 миңге жакын кишини толугу менен тосуп алууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Негизи курорт өнүккөндө бир гана "Ала-Тоо Резорт" эмес, жакынкы, чектеш айылдар дагы өнүгөт. Ал жакта жаңы конок үйлөрү пайда болуп, жаңы жумуш орундар түзүлөт. Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын жергиликтүү тургундарынын социалдык-экономикалык шарты жакшырат деп баса белгилеп кетсек болот", - деди Чолпонбаев.

Инвестиция жана жаңы бизнес үчүн аянтча
“Ала-Тоо Резорттун” айланасында жеке инвестицияларды тартуу иштери да жүрүүдө. Долбоордун алкагында үч этапта электрондук аукциондор өткөрүлүп, жалпы 50 лоттун 39у ишке ашкан. Учурда сатылган жер тилкелеринде инвесторлор мейманканаларды, апартаменттерди, коттедждерди жана башка туристтик объектилерди курууга киришкен. Мындан тышкары, биринчи фазаны ачууга карата этношаарчаны ишке киргизүү пландалууда. Анда 40 боз үй, 36 модулдук үй жана 63 жыгачтан жасалган типтүү үй пайдаланууга берилет. Демек, курорттун айланасында мейманкана, тамактануу, эс алуу, тейлөө жана башка кызмат көрсөтүү тармактарында жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүнүн пайда болушу күтүлүүдө.
Туризм боюнча серепчи Күлчоро Кадыралиевдин пикиринде, долбоордун таасири бир гана туризм тармагы менен чектелбейт.
"Ала-Тоо Резорт" долбоору бир гана Ысык-Көлгө эмес, бүтүндөй Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет. Себеби, буга чейин туризм бизде майдан сентябрь айына чейин сезондуу болуп келген. Эми бул долбоор ишке ашса, Кыргызстанды Борбор Азиянын чыныгы Швейцариясы деп атасак болот. Каракол, Чуңкурчак менен чектелбестен, эми ушул долбоорду бүтүндөй дүйнөгө жарнама кыла алабыз. "Ала-Тоо Резорт" бүтүндөй Кыргызстанды төрт мезгилдүү туристтик мамлекет катары таанытат деп ойлойм. Долбоордун ишке ашырылышы бардык багытка оң таасирин тийгизет. Жаңы иш орундары түзүлөт. Жыргалаңда жергиликтүү жашоочулар абдан аз, ошол себептен караколдуктар үчүн жаңы иш орундары түзүлүп жатат", - деди серепчи.

Анын белгилешинче, курорттун айланасында жаңы мейманканалар, конок үйлөрү, ресторандар жана башка кызмат көрсөтүү объектилери пайда болуп, бул өз кезегинде Караколдогу жана жалпы аймактагы кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талапка да таасир этиши мүмкүн.
"Бизнес чөйрөгө таасири тийип, жаңы мейманканалар, конок үйлөрү, ресторандар түшөт. Каракол негизи акыркы убакта аябай өнүгүп, мейманканалар, үйлөр, курулуп, жер тилкелери кымбаттап жатат. Ошол себептен биз массалык туристтерди эмес, сапаттуу туристтерди тартканга аракет кылышыбыз керек. Бир гана экологияга терс таасир болбошу керек, анын баасы аябай чоң. Экологияга терс таасирин тийгизбегендей шартта болсо, жөн гана тоо лыжа курорту эмес, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейте турган ири инфраструктуралык долбоор катары таанылат", - деди ал.
Чет өлкөдөгү кызыгуу да өсүүдө
“Ала-Тоо Резорттун” келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө болгон кызыгуу Кыргызстандан тышкары да байкала баштады. Белгилүү россиялык аралаш мушташ өнөрү (ММА) боюнча мушкер, UFC чемпиону Ислам Махачев курорт тууралуу буга чейин укканын жана мындан үч жыл мурда бул өлкөдө болгонун айтып, долбоор толук ишке ашканда Кыргызстанга лыжа тебүү үчүн кайра-кайра келип турууну пландап жатканын билдирди.
"Ысык-Көлдө да, Караколдо да болгонмун. Караколдо лыжа да тээп көргөм. "Ала-Тоо Резорт" долбоору тууралуу кабарым бар, үч жыл мурун бул курортто болгонмун. Ошондо эле мага бул аймак өзгөрүп, өнүгөрү тууралуу айтып беришкен", - деди Махачев.
Аны трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жетери тууралуу маалымат өзгөчө таң калтырган.
"Азыр мага долбоор аяктаганда 250 чакырым трасса болору айтылганда, мен абдан таң калдым. Мен лыжа тебүүнү жакшы көрөм, мүмкүн болушунча көп тебүүгө аракет кылам. Дүйнөдө 250 чакырымдык трассасы бар курорттор аз. Ошондуктан бул маалымат мага абдан жакшы таасир калтырды. Долбоор толук аяктаганда келип лыжа тээп, эс алып турам", - деди UFC чемпиону.

Ислам Махачевдин пикиринде, курорттун масштабы КМШ өлкөлөрүнөн туристтердин чоң агымын тартууга шарт түзүшү мүмкүн.
"Менимче, КМШ өлкөлөрүнөн туристтердин агымы абдан чоң болот. Анткени, 250 чакырым трасса — бул дүйнөдө, балким, эң мыкты он курорттун катарына кире турган көрсөткүч. Бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Адамдар көп келген күндө да бири-бирине тоскоол болбойт, себеби 250 чакырым трасса баарына жетиштүү болот. Биз эң ири курортторго барганда да аэропорт менен курорттун аралыгы алыс болуп калат. Мисалы, Европадагы абдан популярдуу Куршевель курортуна аэропорттон тоо лыжа базасына жетүү кээде кыйын. Ал эми бул жерде аэропорт 15-20 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Бул туристтерди жана спортчуларды тартуу үчүн чоң фактор", - деди ал.
Махачев Кыргызстандагы акыркы жылдардагы инфраструктуралык өзгөрүүлөрдү да өз сөзүндө белгилеп өттү.
"Кыргызстанга келген сайын көп нерсенин жакшы жакка өзгөрүп жатканын байкап жатам. Жолдор жакшырып, жаңы жолдор салынып жатат. Үйлөр да курулуп жатканын көрүүгө болот. Инфраструктура жагынан да чоң өзгөрүүлөр байкалат. Ар бир келген сайын жаңы имараттар, жаңы ресторандар, жаңы спорттук объектилер курулуп жатканын көрүүдөмүн. Бул өлкөнүн абдан тез өнүгүп жатканын көрсөтөт. Менимче, дагы бир-эки жыл күтөлү, ошондо лыжа тебүү үчүн алыс жактарга баруунун зарылдыгы деле болбой калат", - деди UFC чемпиону.
Спорттук брендден туристтик брендге
“Ала-Тоо Резорт” ачыла электе эле Жыргалаң аймагында фрирайд, башкача айтканда, табигый кар баскан тоо боорлорунда лыжа жана сноуборд тебүү өнүгүп келген. Аскат Чолпонбаевдин айтымында, долбоор башталгандан бери бул аймакта эл аралык спорттук иш-чараларга да кызыгуу күчөгөн.
"Курорт ишке ашканга чейин эле ал жакка белгилүү чет өлкөлүк спорт сүйүүчүлөрү келип, спорттук иш-чараларды өткөрүп келишкен. Андан тышкары, "Ала-Тоо Резорт" долбоору ишке ашкандан баштап биз эки ирет, эки жыл катары менен лыжа спортчуларынын Дүйнө биринчилигин өткөрдүк. Чет өлкөдөн, айрыкча Европадан дүйнөлүк спортчулар келип, фрирайд боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүп кетишти", - деди ал.
Анын айтымында, Ислам Махачев сыяктуу дүйнөгө белгилүү спортчулардын долбоорго кызыгуусу “Ала-Тоо Резортту” эл аралык аудиторияга таанытууга кошумча мүмкүнчүлүк берет.

"Бүгүн өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ММА мушкери, UFC уюмунун белгилүү спортчусу жана чемпиону Ислам Махачев маек берип, "Ала-Тоо Резорт" долбооруна өзүнүн кызыгуусун билдирип кетти. Мындай белгилүү адамдардын долбоорго оң пикир калтырганы башка дагы дүйнөлүк спортчулардын жана белгилүү инсандардын Кыргызстанга келишине кызыгуусун арттырат", - деди Чолпонбаев.
Ал муну социалдык тармактар аркылуу туристтерди тартуу үчүн да мүмкүнчүлүк катары баалады.
Долбоордун экономикалык эффектиси
Долбоордун толук ишке ашышы менен туризмден тышкары транспорт, мейманкана жана ресторан бизнеси, соода, тейлөө, курулуш жана кыймылсыз мүлк сыяктуу бир катар тармактардын жанданышы күтүлүүдө. Расмий маалыматка ылайык, “Ала-Тоо Резорт” толук ишке ашкандан кийин болжол менен 7 миң туруктуу жумуш ордун түзүү пландалууда. Мында туруктуу жумуш орундарынан тышкары курорттун айланасындагы айылдарда конок үйлөрүн, мейманканаларды, коомдук тамактануучу жайларды, туристтик кызматтарды жана башка чакан бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Туризм боюнча эксперт белгилегендей, мындай процесстер Ысык-Көлдүн туристтик сезонун кеңейтүүгө да шарт түзөт.

Ошентип, “Ала-Тоо Резорттун” негизги мааниси тоо лыжа трассаларынын узундугу же асма жолдордун саны менен гана өлчөнбөйт. Долбоордун айланасында жолдордун, энергетикалык жана суу системаларынын, мейманканалардын, эс алуу жайларынын жана башка туристтик объектилердин курулушу бир бүтүн инфраструктуралык чынжырды түзүп, Ысык-Көл облусунун жана жалпы өлкөбүздүн экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталууда.
Ал эми 250 чакырымга чейин жеткирилчү тоо лыжа трассалары, аэропортко жакын жайгашуусу, эл аралык спорттук иш-чаралар жана чет өлкөлүк спортчулардын кызыгуусу долбоордун Кыргызстанды төрт мезгилдүү туристтик багыт катары таанытуудагы мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө.