"Ала-Тоо Резорт" альтернативдүү жолу. Иш кайсы этапта?

Загрузка... 03 Июнь 2025 10:35
WhatsApp_Image_2025_KAPxZPl.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы

Бишкек 03.06.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң айылынан “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасына чейинки альтернативдүү жолду долбоорлоо жана куруу иштери жанданды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн лыжа кластери Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте 8 чакырымга созулган жаңы жолду төшөй баштады.

"Бул Жыргалаң айылынан "Ала-Тоо Резорт" лыжа базасына чейинки альтернативдүү жол болот. Учурда тоо боорун бойлоп өткөн мурда колдонулуп келген тар жолдор кеңейтилип, шагыл-кум аралашмасы төшөлүүдө. Бүгүнкү күндө жолдун 1 чакырым аймагына шагыл төшөө иштери бүткөрүлдү. Жогорку чыңалуудагы электр линиялары жылдырылып, 10дон ашык техника жана адистердин бригадалары тартылды», - деп билдирди мамлекеттик ишкана.

Белгилей кетсек, жолдун Токтогул айылынан Жыргалаңга чейинки 14 чакырым тилкесинде курулуш иштери башталды.

"Алардын ичинен айыл ичиндеги 1 чакырым 300 метр аралыкта иштер бүткөрүлүп, ошол эле учурда жолду кеңейтүү иштери уланууда. Ошондой эле дренаждык линияны тартуу боюнча да даярдык иштери башталды. Жалпысынан 30га жакын тирөөчкө түтүкчөлөр төшөлөт. Курулуш аянтына эң жакынкы карьерден шагыл таштар жеткирилип жатат. Учурда 30га жакын техника жана 30га жакын жумушчу тартылды. План боюнча, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жолдун 14 чакырымдык бөлүгүнө шагыл таш төшөлүп, бул жолдун жарымына асфальт төшөлөт», - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында тротуар жана бетон дренаждык каналдар да курулаары айтылды. Ал эми 8,5 чакырым жолго шагыл төшөө иштери 31-августка чейин бүтүшү керек.