Ала-Буканын Өрүктү айылында 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Жогорку Кеңеш 1857 28 Август 2025 17:40
538391770_796462222830846_9075362437713239152_n.jpg
539187912_796462189497516_1277938770818479154_n.jpg
515438987_796462246164177_4229881452247857656_n.jpg
515439199_796462289497506_4602688233579668980_n.jpg
515490887_796462232830845_5447584626416721919_n.jpg
539064558_796462112830857_407191099140717805_n.jpg
539495079_796462262830842_1951339215271292400_n.jpg
539734098_796462109497524_756489092225431070_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында А.Пирматов атындагы жаңы бала бакчанын ачылышына катышты.

Алсак, 90 орундуу бала бакчанын курулушуна жалпы 37 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Төрага бала бакчадагы түзүлгөн шарт-жагдайды көрүп чыгып, андан соң жергиликтүү эл менен да жолугушту.

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Ала-Бука районунда ишке ашырылып жаткан социалдык-инфраструктуралык долбоорлор тууралуу сөз кылган Нурланбек Тургунбек уулу: “Ала-Букадагы көйгөйлөрдүн бардыгынан кабарым бар. Жасалып жаткан иштердин ар бири менин көзөмөлүмдө. Учурда Орток-Бел массивин суу менен камсыздоого багытталган каналдын долбоору иштелип чыгып, кийинки жылы курулуш иштери башталганы турат. Канал салынып бүтсө беш миң гектардай жер сугат суу менен камсыздалып, айдоо аянттарынын көлөмү көбөйөт. Ошондой эле 1-Май, Көк-Серек айыл аймактарына коңшу өлкөгө көз каранды болбой суу жеткирүү маселеси чечилет”, – деди.

Ошондой эле аймак үчүн актуалдуу болгон “Сумсар” суу сактагычынын да курулушу кийинки жылы башталарын белгилеген төрага мындай долбоорлор дагы улантыларын кошумчалады.

Төрага бала бакча жана мектеп адамдын калыптануусунда өзгөчө орунду ээлерин белгиледи.

"Бала бакчада жана мектептерде берилген таалим-тарбия адамдын келечеги үчүн табылгыс пайдубал болуп берет. Андыктан, мамлекет тарабынан ушундай билим берүү жайларын курууга артыкчылык берилип, бардык шарты менен заманбап имараттар салынууда. Буйруса ушул жайдан Ала-Буканы эле эмес, жалпы Кыргызстанды сыймыктандырган уул-кыздар тарбияланып чыгарына терең ишенем”, – деди ал.