Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Аксы жана Ала-Бука райондорунда болуп, сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы калыбына келтирүү иштери менен жеринен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын жүрүшүндө министр аткарылып жаткан иштерди тыкыр көзөмөлгө алып, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. Ал негизги максат жарандардын өмүрүн жана материалдык баалуулуктарын сактап калуу экенин өзгөчө белгиледи.
Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Ала-Бука районундагы Токой кызматынын ишмердүүлүгү жана жаңы отургузулган көчөттөрдүн абалы менен таанышты. Ошондой эле Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имаратын кыдырып, кызматкерлерге заманбап шарттарды түзүү зарылдыгын айтты.
Министр өздүк курам арасында кандай гана максатта болбосун мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына жол берилбеши керектигин жана бул талап так аткарылышы зарыл экенин баса белгиледи.