Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Ала-Бука – Касан унаа жолунун 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, иштер №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык жана сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү.
Жолдун бул бөлүгүндө жалпысынан 12 чакырым тилкеге асфальт төшөө пландалган. Анын 6,5 чакырымы 2025-жылы бүткөрүлүп, быйыл калган 5,5 чакырымы жаңыланды.
Жаңыланган жол транспорттук байланышты жакшыртып, жүк жана жүргүнчү ташуунун ыңгайлуулугун арттырат.