Түз-Бел жана Ала-Белдеги чектөө күчүндө – 10:00гө карата ашуулардагы абал

Аймак 11 декабрь 2025 10:20
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.48.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.50 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.49.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.49 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.49 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-12-11 at 10.13.48 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 10:00гө карата Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 506–508-чакырымдарындагы Түз-Бел ашуусунда да унаалардын бардык түрү үчүн убактылуу чектөө сакталууда.

Аймакта катуу бороон басыла элек. Ошого карабастан Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилери кабарланды.

Министрлик кошумчалагандай, өлкөнүн башка жолдорунда жана ашууларында каттам ачык. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу иштери улантылууда.

Транспорт министрлиги айдоочуларды унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга өз убагында алмаштырууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.