“Ала-Арчада” сейрек кездешүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр бар

Экология Загрузка... 01 Апрель 2026 09:45
598560794_3661236794019493_4269177877896423345_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбеков "Кабар" агенттигине парктын аймагында жашаган жаныбарлар жөнүндө айтып берди.

Ал паркта эчки, жапайы каман, элик, түлкү, сүлөөсүн жана бүркүттөр жашай турганын билдирди. Өткөн жылы күрөң аюулардын кездешүүсү катталган.

Ошондой эле паркта сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан иридодиктиум өсүмдүгү да өсөт.