Кыргызстандын аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлейт. Буга байланыштуу бийиктикти багынткысы келген альпинисттерге кыргыз тоолору эң ыңгайлуу. Бул ирет “Кабар” агенттиги Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов менен альпинизмдин бүгүнкүсү жана эртеңи тууралуу маектештик.

— Кыргызстанда альпинизмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Аны пайдалануу багытында кандай иштер жасалууда?
— Кыргызстан дүйнө жүзүндө тоолуу өлкөлөрдүн бири. Өлкөбүздүн 95%дай аймагын тоолор ээлейт. Мисалы, тоо туризми жана альпинизм өнүккөн Непал, Бутанда тоолор 70%ды түзөт. Туризм департаментинин маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөгө келген туристтердин негизги бөлүгү тоо туризмине, альпинизмге кызыккандар. Кыргызстандын Альпинизм федерациясы жана альпинисттер Туризм департаментинин демилгелерин жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорлорун колдойбуз. Анткени тоо туризми жана трекинг альпинизмди өнүктүрүүгө жол ачат. Федерация альпинизм боюнча спорттук секцияларды Бишкек шаарында гана эмес, Ош, Каракол шаарларында да түзүп жатат. Ошондой эле биз “Билимкана” мектеби менен биргеликте Бишкекте альпинисттерди жана спортчуларды даярдай турган биринчи олимпиадалык скалодромду куруу иштерин баштадык. 7-8 айда Кыргызстанда биринчи жолу олимпиадалык скалодром пайда болот. Ошондой эле “Газпром Кыргызстан” менен чогуу Көк-Жарда көп функционалдуу спорт комплекси курулууда. Долбоордо 1,5-2 миң чарчы метрге эл аралык деңгээлдеги олимпиадалык скалодром куруу да каралган. Анткени аскага чыгуу спорттун олимпиадалык түрү болуп саналат жана Альпинизм федерациясын өнүктүрүү үчүн маанилүү орунда турат.

— Советтер союзу маалында альпинисттер Кыргызстанга келип машыгып кетчү экен. Азыр ошондой шарттарды түзүүгө болобу?
Ооба, союз учурунда альпинизм менен машыгууга жакшы шарттар түзүлгөн. Альпинисттерди даярдоо үчүн Кыргызстанда жана Грузияда эл аралык базалар болгон. Эл аралык альпинисттик лагерь “Ала-Арча” жаратылыш паркында бар болчу. Буларга бир гана союзга кирген мамлекеттердин гана эмес, Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн да альпинисттери келчү. Ошондой эле Караколдо, Ленин чокусунун этегинде, Баткен облусунун Кадамжай районунда “Дугоба” лагери да иштечү. Лагерлерде биздин да, чет элдик спортчулар да машыгышчу. Союз тарагандан кийин бул лагерлер иштебей калды. Альпинизмдин деңгээли Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери жогорулап, кызыгуу артууда. Биз жакынкы убакта эл аралык альпинисттик лагерлерди кайра жандандыруу жолунда турабыз. Бул багытта биз өкмөттөн, мамлекеттен колдоолорду күтөбүз. Анткени биз альпинисттик лагерлерди иштетсек, тоолуу мамлекет болгон Кыргызстандын визиттик картасына айланат. Альпинизм федерациясы бул багытта иштерди активдүү жүргүзүүгө катышууга мүмкүнчүлүк алмакпыз. Ала-Арчада Борбор Азия, КМШ мамлекеттерине, деги эле дүйнө жүзү боюнча альпинисттерди даярдай турган аянтча түзүүгө мүмкүнчүлүктөр кеңири.

— Азыр биздин өлкөдөгү кайсы чокуларга альпинисттер чыгып келет?
— Кыргызстанда 7 миң метрлик 3 чоку бар: Жел-Айдар (Ленин 7134 м), Хан-Теңири (7010 м), Жеңиш (7439 м). Көптөгөн альпинисттер жыл сайын ушул чокуларга чыгуу үчүн келишет. Ошондой эле 5-6 миң метр бийиктикте жайгашкан бизде 40тай чоку бар. Техникалык жактан жөнөкөй эмес бул чокулар машыгуу үчүн, бийиктикти алгачкы жолу багындырыш үчүн колдонулат. Мындан улам альпинизм үчүн Кыргызстанда өтө чоң потенциал бар. Жалпысынан өлкөдө 2 миңдей чоку бар.

— Кыргызстандыктар дүйнө жүзүндөгү бийик чокуларды багындырып, кыргыз туусун желбиретип жатат. Аларга кимдер колдоо көрсөтүүдө?
— Президент Садыр Жапаров Гималайга жасаган экспедициябызга, 8 миңдик чокуларга чыгуубузга, 2022-жылы Манаслу чокусуна болгон экспедициябызга колдоо көрсөткөнүнө жана көңүл бурганына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле альпинисттерге өнөктөштөр да колдоо көрсөтүп келет. Дүйнө жүзүндө 8 миң метрден жогору жайгашкан 14 чоку бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 5-6 альпинисттин ушул чокуларга чыгуу боюнча тажрыйбалары бар. Алардын катарында Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков, Андрей Ерохин, Сергей Селивёрстов, Кадыр Сайдилкан жана Эдуард Кубатов.