Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ала-Арча суу сактагычында балык уулоо эрежелеринин сакталышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө эрежелерди бузган жарандар аныкталып, аларга карата 5 протокол түзүлдү. Ошондой эле жарандарга балык уулоо эрежелерин жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.