Ала-Арча дарыясынын жээгине сейил бак куруу пландалууда – эскиздер

Коом 14 Февраль 2025 17:02
476448194_693006083109582_3255631189341960780_n.original.jpg
475971705_693006163109574_3848789778217702255_n.original.jpg
474929823_693006329776224_1771821874048793713_n.original.jpg
480158224_693006166442907_4115710158604383465_n.original.jpg
480014335_693006309776226_1597997797937151641_n.original.jpg
479544476_693006079776249_7862773214146076410_n.original.jpg
479522728_693006319776225_5754185641046697767_n.original.jpg
478855687_693006243109566_316100112581993470_n.original.jpg
477658788_693006169776240_781657262906383843_n.original.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Бишкекбашкыархитектура"

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев БААУнун шаарларды изилдөө боюнча профессору Эмил Насритдинов менен бирге Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды уюштуруу боюнча бир нече жаңы долбоорлорду талкуулашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Ала-Арча дарыясынын жээгинин аймагына сейил бак зонасын түзүү сунушталууда.

Долбоордук жана композициялык схеманын долбооруна ылайык, пландалган аянтчага амфитеатр, коомдук арт, воркаут зонасы, балдар аянтчасы, ошондой эле негизги жөө жүрүү аянтчасы жана дарыяга түшүүнү уюштуруу каралат.

Ошондой эле Бишкектин башкы архитектору Бишкектин түштүк бөлүгүн жашылдандыруу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн мейкиндикти түзүү боюнча пландын долбоорун талкуулады.

Урмат Карыбаев профессорго Курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын алдындагы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси мындай долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн уруксат кагаздарын даярдоодо колдоо көрсөтөөрүн айтты.