Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү “111” бары демонтаждалууда

1744348581.max-1920x1080.format-webp.webp
1744348585.max-1920x1080.format-webp.webp
1744348590.max-1920x1080.format-webp.webp
1744348594.max-1920x1080.format-webp.webp
1744348605.max-1920x1080.format-webp.webp
1744348609.max-1920x1080.format-webp.webp
1744348613.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. Бишкектин 10-кичи районунда Ала-Арча дарыясынын үстүндө жайгашкан “111” барын бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бузуу иштери борбор калаадагы дарыялардын нугун жана каналдарды тазалоо, мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштеринин алкагында аткарылууда.

Бул иштердин алкагында суу объектилеринин жер участокторуна максаттуу багытын бузуу менен, зарыл болгон уруксат кагаздарын албастан, шаар куруу нормаларын жана эрежелерин бузуу менен курулган объектилерди аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тиешелүү уруксат документтери жок 44 объект  демонтаждалган.