Ала-Арча, Аламүдүн, Чоң Чүй каналынын нугуна эс алуучу жайлар курулат

Загрузка... 15 Октябрь 2025 15:48
promenad-6886.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Бишкекте Ала-Арча, Аламүдүн, Чоң Чүй каналынын нугуна променаддар (эс алуу жай) курулат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБдин техникалык каналынын жээгине променад куруу иштери башталганы турат. Эс алуу жайын кышка чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

“ЖЭБдин техникалык каналынын жээгине променад куруу иштери башталат. Аны кышка чейин пайдаланууга беребиз деп ойлоп жатабыз. Бул багытта тажрыйбалар топтолгондо иштер дагы улантылат. Учурда Бишкек шаарында суу жээктеринде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Анткени суунун жээгине мыйзамсыз курулуштар курулуп калган. Ал объекттерден суу жээктери тазаланганда Ала-Арча, Аламүдүн, Чоң Чүй каналынын нугуна променаддарды салабыз.

Суунун жээгиндеги эс алуу жайында шаар тургундары сейилдеп басканга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Отургучтар орнотулат. Чуркагандарга, велосипед тепкендерге жолдор салынат. Ошондой эле сууну кесип өтө турган көпүрөлөр курулат. Буга чейин Скрябин көчөсүндөгү променад демөөрчүлөр жана шаар тургундарынын демилгеси менен курулган. Алгадагы эс алуу жай өз каражатыбызга жасалган. Ал эми бул ЖЭБ жакта мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында биргеликте иштер жасалууда”, - деди мэр.