"Аль-Наср" футбол клубу Сауд Аравиянын чемпиону аталды

Спорт Загрузка... 22 Май 2026 08:50
290c3c5d-8d2c-4bbc-bba2-d5882975e2bb.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. "Аль-Наср" футбол клубу Сауд Аравиянын футбол лигасынын беттешинде "Дамакты" 4:1 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка ылайык, беттеш 21-майда өттү.

Жеңүүчүлөрдүн командасында 34-мүнөттө Садио Мане, 52-мүнөттө Кингсли Коман жана 63 жана 81-мүнөттөрдө португалиялык Криштиану Роналду гол киргизди. Утулгандардын голун Морлай Силла 58-мүнөттө пенальтиден киргизди.

"Аль-Наср" турнирдин аягында 86 упай топтоду. "Аль-Хиляль" акыркы беттешинде "Аль-Фейханы" 1:0 эсебинде жеңип, 84 упай менен экинчи орунду ээледи.

Беш жолку "Алтын топтун" ээси Криштиану Роналду үчүн бул титул анын Сауд Аравиясындагы алгачкы титулу болду. Португалиялык чабуулчу "Аль-Наср" менен төртүнчү сезонун өткөрүп жатат. Ал буга чейин "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид" жана "Ювентус" менен чемпиондукту жеңип алган.