“Акыркы коңгуроо”. Унааларды документи жок башкарган 28 учур катталды

Загрузка... 27 Май 2025 18:10
5307500248735807524.jpg
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Өлкө аймагы боюнча бир сутка ичинде унаа каражаттарын документи жок башкарган 28 учур катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, 28 учурдун ичинен 6 автоээнбаштык аныкталды.

Кызматкерлердин ыкчам жана тынымсыз иштеринин натыйжасында “Акыркы коңгуроо” иш-чарасынын алкагында окуучулардын катышуусунда жол кырсыгы катталган жок.

ЖКККББ жарандарды жолдо сак болууга, жаш өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Ошондой эле жол кыймылынын эрежесин бузган учурларга күбө болгондор 0777 102 102 номери аркылуу билдирүү жөнөтүү керек.

Белгилей кетсек, “Акыркы коңгуроо” иш-чарасында республика аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иштер күчөтүлгөн.