Акыркы коңгуроо: Баткен облусунда дээрлик 6 миң бүтүрүүчү мектепти аяктады

Аймак 29 Май 2026 15:30
709101570_1529905755169541_2883630626705953760_n.jpg
706650579_1529929058500544_6020005296233998087_n.jpg
708088551_1529905971836186_4523576087611700050_n.jpg
709154680_1529905935169523_5776220297182376625_n.jpg
709154683_1529905838502866_7879468493676532057_n.jpg
709205762_1529906051836178_5308647849837081726_n.jpg
709466725_1529905988502851_7886138880006986707_n.jpg
709490220_1529905865169530_3538956121792798774_n.jpg
709526486_1529906088502841_4154393633297330342_n.jpg
709636567_1529905805169536_3872968261903115630_n.jpg
709636917_1529906101836173_7875185007762910865_n.jpg
710020469_1529906021836181_14725894778673985_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Баткенде беш миңден ашуун бүтүрүүчү мектепти аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн облус башчысы Мамыржан Рахимов Баткен шаарындагы №4 орто мектепте өткөн акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Облус башчысы жалпы окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди 2025–2026-окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол, кең келечек жана мекенге кызмат кылган билимдүү, мекенчил жаштардан болуусун каалады. Өз сөзүндө билим берүү тармагындагы мугалимдердин эмгегин өзгөчө белгилеп, жаш муундарды тарбиялоодогу жоопкерчиликтүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги менен айырмаланган бир катар мугалимдерге Ардак грамоталары жана Алкыш баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйыл Баткен облусу боюнча 11-классты 5 миң 661 бүтүрүүчү аяктаса, 9-классты 10 миң 782 окуучу бүтүрүүдө. Ал эми 1-классты 9 миң 780 окуучу ийгиликтүү аяктап жатат.

Бүгүнкү күндө облус аймагындагы 236 мамлекеттик мектепте акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Жалпы 131 543 окуучу 2025–2026-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктоодо. Мындан тышкары, Баткен облусунда 22 жеке менчик мектеп билим берүү багытында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.