Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун эл аралык форумунда сүйлөп жатып, акыркы эки жылда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында Кыргызстандын камсыздандыруу рыногу рекорддук өсүшкө жеткенин билдирди
Анын айтымында, 2024-жылга чейин өлкөдө камсыздандыруу тармагы анчейин өнүкпөй, милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү да толук кандуу иштечү эмес. Бул абал өлкө башчысынын тиешелүү чечиминен кийин өзгөргөн.
“Бүгүнкү күндө камсыздандыруу рыногу дээрлик төрт эсеге өстү. Ал эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун көрсөткүчтөрү ушул эле мезгилде 12,5 эсеге көбөйүп, компания өлкөдөгү эң ири камсыздандыруу уюмуна айланды”, - деди Абдыжалиев.
Ал белгилегендей, уюм Кыргызстандагы мамлекетке толугу менен таандык жалгыз камсыздандыруу компаниясы болуп саналат. Компания “бирдиктүү терезе” принциби менен иштеп, классикалык камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу, экспорттук-кредиттик камсыздандыруу жана исламдык камсыздандыруу кызматтарын көрсөтөт.
Бактыгул Абдыжалиевдин айтымында, учурда уюм кайра камсыздандыруу боюнча улуттук оператордун жана экспорттук-насыялык агенттиктин милдетин да аткарууда.
Ал ошондой эле унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) рыногунда компаниянын үлүшү болжол менен 35 пайызды түзөрүн, ал эми турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу өлкөдөгү турак жай фондунун 30 пайызга жакынын камтыганын маалымдады.
Мындан тышкары, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму санариптик кызматтарды активдүү өнүктүрүп, камсыздандыруу продуктуларын онлайн форматка өткөрүүдө. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтип, Кыргызстандын дүйнөлүк кайра камсыздандыруу рыногундагы позициясын чыңдап келет.
“Бүгүнкү күндө бизди дүйнөдөгү ири камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу компаниялары жакшы билишет. Алдыңкы эл аралык өнөктөштөр менен кызматташып, Кыргызстандын камсыздандыруу рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантып жатабыз”, — деди ал.
Абдыжалиев ошондой эле компания исламдык камсыздандыруу багытын өнүктүрүп жатканын белгилеп, бул ар түрдүү кардарлардын муктаждыктарын эске алууга жана камсыздандыруу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.
Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.
Пленардык жыйындардын жана тематикалык сессиялардын алкагында катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашууда.