Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. 2024-2026-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында Кыргызстанда 281 жаңы өнөр жайы ишканасы пайдаланууга берилди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн 2 млрд доллардан ашык инвестиция тартылып, 21 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлдү.
"2026-жылдын аягына чейин дагы 47 жаңы өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Долбоордун негизги багыттары айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тамак-аш, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү, ошондой эле энергетика менен логистиканы өнүктүрүү болуп саналат.
Долбоордун максаты — ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, чийки затты кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияларды чыгаруу, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү.