Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маданият, спорт жана жаштар иштери комитетинин жыйынында депутат Рустамбек Советбек уулу өлкөдө эл аралык IТ-компаниялар жана инвесторлор менен кызматташуу кандай деңгээлде жүрүп жатканына кызыкты.
“КР Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы” мекемесинин директору Азис Абакиров акыркы 5 жылда ири эл аралык IT-компаниялар Кыргызстанга келе баштаганын билдирди.
“Мисалы, 50 миң киши иштей турган, башкы кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан EPAM компаниясы бизге чоң инвестиция салды. Бул компания ири инвестиция салуу менен бирге кеңсе ачып, 200 программистке жумуш ордун түздү. Учурда бул кеңсе ири долбоорлорду ишке ашырууда. Ошондой эле америкалык Kanda Software компаниясы инвестиция алып келүү менен биздеги “Пионер” компаниясын сатып алды. Ушундай чоң компаниялар биздин таланттуу адистерге кызыгып, аларга муктаж болууда. Мындан тышкары, жасалма интеллект багыты боюнча Nova компаниясы да Кыргызстанга келди”, - дейт Абакиров.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жогоруда аталган комитетинин бүгүнкү жыйынында “КР Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы” мекемесинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.