Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. “Акылман” президенттик лицейине кирүү сынактарында суроолор мектеп программасынын негизинде гана түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында лицейдин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азиреткул Асанов билдирди.
Анын айтымында, сынак учурунда окуучуларга программадан сырткаркы тапшырмалар берилбейт.
“Маселен, 6-класстын окуучулары үчүн 5–6-класстардын программасындагы темалар камтылат. Мектеп программасында бир эле предмет боюнча ар кандай авторлордун окуу куралдары болушу мүмкүн экенин эске алып, адистер жалпы орточо деңгээлдеги суроолорду түзүштү. Мындан тышкары, окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсүн текшерүү үчүн логикалык суроолор берилет”, — деди ал.
Кабыл алуу кампаниясы үч тур менен өткөрүлөт. Анын ичинен биринчи жана экинчи турлар аралыктан (онлайн), ал эми үчүнчү тур оффлайн форматында уюштурулат.
- 1-2-турлар: Математика, логика, кыргыз тили, орус тили жана тарых предметтери.
- 3-тур: Математика, логика, кыргыз тили жана англис тили.
Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен негизделген. Учурда окуу жай 2026–2027-окуу жылына карата 6- жана 7-класстын окуучуларын кабыл алууну баштады. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген окуучулар катыша алышат.